Беларустан КММдин алгачкы партиялары Кыргызстанга келди — энергетика министри

21.07.2026 | 14:56
Беларустан КММдин алгачкы партиялары Кыргызстанга келди — энергетика министри — Новости Кыргызстана

Беларустан күйүүчү-майлоочу майлардын (КММ) бир бөлүгү Кыргызстанга келди, дагы бир нече темир жол вагону жолдо келе жатат. Бул тууралуу бүгүн брифингдин жүрүшүндө энергетика министри Алтынбек Рысбеков билдирди.

Анын айтымында, Беларусь менен күйүүчү май импорттоо боюнча келишимге кол коюлган жана Россиянын аймагы аркылуу транзит маселеси да чечилген.

Министр ошондой эле Кытайдан күйүүчү май ташып келүү боюнча макулдашууларга жетишилгенин билдирди.

«Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары делегация менен Кытайга барып келди. Ташып келүүнүн көлөмү жана бардык зарыл болгон параметрлер макулдашылды. Биринчи партия жөнөтүлдү. Учурда логистика маселелери чечилип жатат — ташуулар автомобиль транспорту менен ишке ашырылып жаткандыктан, буга бир аз көбүрөөк убакыт талап кылынат. Партия үч-төрт күн мурун жөнөтүлгөн. Министрлер кабинети мамлекеттик органдарга "жашыл коридор" камсыздап, процессти тездетүүнү тапшырды», — деди Рысбеков.

Анын айтымында, буга катарлаш Өзбекстандан мунай заттарын ташып келүүнү уюштуруу боюнча иштер жүрүп жатат.

«Өкмөт башчылар деңгээлинде сүйлөшүүлөр өттү. Мен дагы Өзбекстандын министри менен жолугуштум. Биз негизги позицияларды аныктадык жана мунай заттарынын импортун ыкчам уюштуруу үчүн учурда ташып келүүнүн механизмдерин макулдашып жатабыз», — деп белгиледи министр.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Reporter.kg агенттигине Кыргызстан бир катар өлкөлөр менен КММ ташып келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын, ал эми авиакеросин жана дизелдик отун алып келүү боюнча алгачкы келишимдер Кытай жана Беларусь менен түзүлгөнүн маалымдаган.

Scroll to Top