Таласта эки саат ичинде 15 авто унаа айып аянтчасына токтотулду

Таласта эки саат ичинде 15 авто унаа айып аянтчасына токтотулду

“Автоураган” Талас облусунда. Эки саат ичинде 15  авто унаа айып аянтчасына токтотулду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын атайын ротасы жетекчиликтин тапшырмасы менен Талас облусунун аймагында  жол унаа кырсыктарынын алдын алуу, мыйзам бузууларга жол бербөө жана айдоочуларды айдоо маданиятына чакыруу багытында атайын рейддик иш-чара жүргүзүп, төрт сааттын ичинде 30 жол эрежелерин бузган айдоочуларды аныктады.

Алардын ичинен:

-мас абалында унаа башкаргандар 1 айдоочу (баары чоң кызматтарда иштегендер)

-тийиштүү документтери жок -9 авто унаа;

— мыйзамсыз кошумча жабдыктап алган (переоборудование) -3 авто унаа;

-терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алган -2 авто унаа;

-“Автоураган” аппараттык комлекси аркылуу ар кандай (издөөдө жүргөн, айып пулун төлөбөгөн, ж.б.) жол эрежесин бузган 6 авто унаа аныкталган.

-башка жол эреже бузуулар 9.

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн, 15 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилген.

ЖКККББнын атайын ротасы жол унаа кырсыктарынын алдын алуу максатында Кыргызстандын башка аймактарында да рейддик иш-чараларын улантат. Айрыкча мас абалында унаа башкарган айдоочуларга каттуу чаралар көрүлөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: авто айып

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>