Алыкулов: ЖЭБдеги кырсыкка кызматкерлерди айыптоо аракети көрүлүүдө

Алыкулов: ЖЭБдеги кырсыкка кызматкерлерди айыптоо аракети көрүлүүдө

Бишкек жылуулук электр борборундагы кырсыкка күнөөнү техникалык кызматкерлерге жүктөө аракети көрүлүп жатат. Бул тууралуу ЖЭБдин ички комиссиясынын өкүлү Таалайбек Алыкулов билдирди.

Анын айтымында, мекемелер аралык комиссия газ жарылды деп бүтүм чыгармакчы.

«Газ жарылганда кандай болорун баарыбыз эле билебиз. Анда отказан айрылып, дубалдар кулаш керек эле. Азыр айыпты кызматкерлерге тагуу аракети болуп жатат», — дейт ал.

Белгилей кетсек, 2-февралга караган түнү ЖЭБде авария болгон. Жарылуудан беш адам жабыркап, алардын экөө денесинин 80% жана 90% күйүк алышкан. 3-февралда алар Түркиядагы адистештирилген клиникага которулган.

Алгач Жылуулук электр борборунда отказан жарылганы айтылган. Бирок текшерүүнүн жыйынтыгында отказандын баары бүтүн болуп, анын астындагы тегирменден газ же көмүрдүн күлү топтолуп, жарылууга алып келгени белгилүү болду.

ӨКМ Жылуулук электр борборундагы кырсыктын себебин айтты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>