Ноокаттагы кырдаал. Тоонун башында калган 200 унаага жол ачыла элек

Ноокаттагы кырдаал. Тоонун башында калган 200 унаага жол ачыла элек

Абшыр-Ата эс алуу жайында, тоо башында 200дөн ашык унаа калып кеткен. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар облус жетекчиси Элчибек Жантаев жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин орун басары Эделбек Кулматов менен жолугушууда билдиришти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин орун басарынын маалыматында, Абшыр-Сай шаркыратмасынын жогорку тарабында сел алып кеткен жолду калыбына келтирүү иштери кызуу жүрүп жатат. 3-4 күн ичинде унааларга карай жол ачып берүүнү убадалады.

35 миң калкы бар 10 айылда суу жоктугун, тазалоо иштерин тездетүү зарылдыгын айтышты.

«5 өрт өчүрүү машина менен суу алып келебиз, бирок аны ичкенге болбойт. Тиричилик иштерине колдонуп туруңуздар», — деди Эделбек Кулматов.

Анын айтымында, район боюнча учурда ӨКМдин дагы 20 оор техникасы иштеп жатат.

28-июнда Ош облусунун Ноокат районунда сел жүргөн. Анда 10 адам каза болду. Үч көпүрө, бир нече жол жана 45 малды суу агызып кеткен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>