Ноокенде 19 жаштагы кыз киши колдуу болду

Ноокенде 19 жаштагы кыз киши колдуу болду

Ноокен районунда 19 жаштагы кыз киши колдуу болду. Бул тууралуу Reporter.kg′ге Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 8-ноябрь күнү саат 10:10 чамасында Ноокен РИИБдин 102 номуруна ошол эле райондун А.Т. аттуу тургуну телефон чалып, Масы айылындагы «Алаш» сайында 25-30 жаштар чамасындагы аял кишинин жансыз денеси жаткандыгын кабарлаган.

Окуя болгон жерге Ноокен РИИБдин тергөө ыкчам тобу барышып, кароо жүргүзүлгөн. Тиешелүү материалдар чогултулуп, РИИБдин МЭЖне «табылган өлүк» каттары катталган. Жансыз денеге соттук-медициналык тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Алдын ала текшерүү учурунда ал киши колдуу болгондугу жана ал Базар-Коргон районунун 19 жаштагы А.А. аттуу тургуну экендиги аныкталган.

Бул  факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин негизинде (Адам өлтүрүү) кылмыш иши козголгон. Учурда кылмыштын бетин ачуу максатында ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>