Көтөрүп чапкан: милиция мушташкан эркектерди РИИБге өз эрки менен келүүгө чакырдыОш шаарына жаңы сейил бак курулуудаСалык кызматы Бишкекте көмүскө алкоголдук ишкананы аныктадыАвтобуста кызды кармалаган чет элдик жаран Кыргызстандан депортацияланатСоттук-эксперттик кызмат жана УКМК жаңы криминалистикалык жабдууларды алыштыНоокатта УКМК кызматкерлерине кызматтык батирлердин курулат
Новомихайловка, Военно-Антоновка айылдарынын аттары өзгөрдү
22.01.2025 | 18:26
Президент Садыр Жапаров “Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалыматы кызматы билдирди.
Мыйзам 2024-жылы 5-декабрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Ага ылайык:
- Баткен районунун Говсувар айылын Орто-Боз, Лейлек районунун Чимген айылын Чымкен жана Голбо айылын Алтын-Бешик, Мадания айылын Айбике, Кыргызстандын 50 жылдыгы айылын Миң-Жыгач, Чапаев айылын Арча-Бешик;
- Нарындын Ат-Башы районунун Дыйкан айылын Чоко-Бий, Нарын районунун Жерге-Тал айыл аймагын Эсеналы Дайракунов айыл аймагы,
- Оштун Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айыл аймагын Рыспай Абдыкадыров айыл аймагы, Өзгөн районунун Киров айылын Кенжебай,
- Таластын Айтматов районунун Куру-Маймак айылын Сатыкей, Покровка айыл аймагын Семетей айыл аймагы, Покровка айылын Семетей,
- Чүйдүн Кемин районунун Новомихайловка айылын Бообек, Сокулук районунун Военно-Антоновка айыл аймагын Кожомкул айыл аймагы, Военно-Антоновка айылын Кожомкул, Ысык-Ата районунун Горная Серафимовка айылын Кебек-Бий айылы деп кайра атоо каралган.
Маалым болгондой, бул айылдардын аттарын өзгөртүү тууралуу чечимдер жергиликтүү тургундардын жыйынында кабыл алынып, тиешелүү жол-жободон өткөн.
https://reporter.kg/besh-oblusta-toguz-ajyldyn-aty-ozgoryldy/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом