«Манас» аэропортуна баруучу жолго 756 жаңы жарык берүүчү түркүк орнотулат

16.06.2026 | 10:27

Бишкек шаарын «Манас» эл аралык аэропорту менен байланыштырган унаа жолуна (трассага) сыртты жарыктандыруучу 756 заманбап түркүк орнотулат. «Кыргызстан аэропорттору» ААК менен борбор калаа муниципалитетинин биргелешкен инфратүзүмдүк долбоору башталганы тууралуу акционердик коомдун басма сөз кызматынан билдиришти.

Жабдууларды сатып алуу толугу менен «Кыргызстан аэропорттору» ААКтын өздүк каражатынын эсебинен каржыланат. Ал эми түркүктөрдү түздөн-түз куроо (монтаждоо) жана чырактарды орнотуу иштерин Бишкек шаарынын муниципалдык кызматтары аткарат. Долбоор күн сайын миңдеген жүргүнчүлөрдүн жана Чүй облусунун тургундарынын каттамын камсыз кылган республикадагы эң көп жүктөмдүү транспорттук тилкелердин бирин камтыйт.

Жаңы тутумду ишке киргизүү сутканын караңгы убагында жолдогу көрүү мүмкүнчүлүгүн кыйла жогорулатууга, сапарларды ыңгайлуу кылууга жана өлкөнүн башкы аба майданына баруучу жолдо жол-транспорт кырсыктарынын (ЖТК) келип чыгуу тобокелдиктерин азайтууга мүмкүндүк берет. «Кыргызстан аэропорттору» ААК жол инфратүзүмүн заманбапташтыруудагы конструктивдүү өнөктөштүгү үчүн борбор калаанын мэриясына ыраазычылык билдирди.

Теги: Манас
Scroll to Top