Садыр Жапаров Балыкчы — Чолпон-Ата темир жолунун курулушуна старт берди

Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында кечээ жаңы темир жол линиясынын курулушуна капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, президент ошондой эле Балыкчы станциясынан «Балыкчы пляж» аялдамасына чейинки темир жол тилкесин калыбына келтирүү иштеринин жыйынтыктары менен таанышты.

Такталгандай, долбоор Ысык-Көлдүн түндүк жээгин бойлой 86 чакырымга жакын жаңы темир жолду курууну камтыйт. Жаңы линия «Ысык-Көл» эл аралык аэропорту менен туташып, аймакта заманбап транспорттук-логистикалык түйүндү түзүүгө мүмкүндүк берет.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, темир жол толук кубаттуулукта иштеп баштаганда жылына 5 миллион тоннага чейин жүк ташууну камсыздай алат. Ошондой эле, долбоор туризмдин жана жүргүнчүлөрдү ташуунун өнүгүшүнө шарт түзөрү күтүлүүдө.

Курулуш учурунда 400дөн ашык жумушчу орун түзүү пландалса, объект пайдаланууга берилгенден кийин 200дөн ашык туруктуу жумуш орду түзүлөт.

Аземде сөз сүйлөп жатып, Жапаров темир жол инфраструктурасын өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп кала берерин билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда темир жол аркылуу жүк ташуунун көлөмү 2021-жылдагы 7 миллион тоннадан 2025-жылдын жыйынтыгы менен 10 миллион тоннага чейин өстү, ал эми жүргүнчүлөрдүн саны 255 миңден 432 миң адамга чейин көбөйдү.

Президент ошондой эле башка ири долбоорлорду, анын ичинде Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун, ошондой эле келечектүү Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече — Макмал линиясынын курулушун ишке ашыруу тууралуу эске салды.

Мамлекет башчысы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга чет элдик адистерди тартууну колдой турганын өзүнчө белгилеп, өлкө ичинде тажрыйба жана кесипкөйлүк жетишсиз болгон учурда мындай ыкма зарыл экенин айтты. Анын айтымында, аны менен катар эле ата мекендик инженерлерди жана адистерди даярдоо иштери да жүрүп жатат.

Президенттин пикиринде, Балыкчы — Тамчы — Чолпон-Ата линиясынын курулушу Ысык-Көл облусунун экономикасын, туризмин жана транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө кошумча түрткү болот.
