Наристе даараткананын чуңкуруна кулап каза болдуТүркияда деңиз жээгинен кыргызстандык жарандын сөөгү табылдыБишкектеги №24 мектепте миллион сомдук акча чогултуу боюнча кылмыш иши козголдуИран менен АКШнын ортосундагы 14 пункттан турган меморандумдун долбоору жарыяланды — толук маалыматСауна, мончо жана тамактануучу жайлар үчүн салык ставкасы төмөндөтүлөтУнаалардын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатуу акысы бир айга арзандады
Нурбек Алимбеков “Кыргызстан” фракциясынын лидери болду
15.10.2020 | 11:25
Канат Исаевдин ордуна Нурбек Алимбеков “Кыргызстан” парламенттик фракциясынын лидери болду. Мындай чечим Жогорку Кеңештеги саясий бирикменин жыйынында кабыл алынды.
Белгилей кетсек, 18 мандатка ээ болгон “Кыргызстан” фракциясы көпчүлүк коалициянын курамына кирет.
Эске салсак, 13-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөн жыйында спикер шайланган. Анда эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгү “Кыргызстан” фракциясынан депутат Канат Исаевдин талапкерлигине добуш беришип, Жогорку Кеңештин төрагасы кылып шайлашкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат