Өкмөт жеңил өнөр жайды колдоого даяр турат

Өкмөт жеңил өнөр жайды колдоого даяр турат

Мамлекет жеңил өнөр жай ишканаларын колдоого даяр. Мындай пикирин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жеңил өнөр жай ишканаларынын жетекчилери менен жолугушканда билдирди.

Акылбек Жапаров белгилегендей, ишкерлердин жана жеңил өнөр жай кызматкерлеринин жигердүү ишинин аркасында Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык биримдигинин алкагында жакшы экспорттук көрсөткүчтөргө ээ.

“Негизинен кийим тигүү тармагынын жумушчуларынын мүмкүн болгон салымынын аркасында республиканын калкы ата мекендик жогорку сапаттагы продукцияны сатып алууга кеңири мүмкүнчүлүк алды. Биз текстиль жана тигүү тармагынын экспорттук дараметин жогорулатууда бардык шарттарды түзүү менен катар, каржы жагынан да колдоого даярбыз. Буга чейин мамлекетте ишкерликти колдоо үчүн зарыл болгон финансылык каражат жок болчу. Эми өндүрүштүк долбоорлорду колдоо мүмкүнчүлүгүбүз бар– деди ал.

Акылбек Жапаров токтоп турган ишканаларды жандандырууга жаңыдан түзүлгөн «Кыргызиндустрия» мамлекеттик ишканасы көмөк көрсөтөөрүн билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө жеңил өнөр жай тармагындагы ишкерлер тарабынан бир топ көйгөйлүү маселелер көтөрүлдү. Алар, акыркы учурда тигүү ишканаларына буйрутма көбөйүп, бирок кесипкөй жумушчу күчү жетишпей жатканы, аймактарда ири тигүү цехтеринин филиалдарын ачууда жеңилдетилген насыялар керектигин, экспортту көтөрүү үчүн тигүү тармагына тийиштүү заманбап технологияларды сырттан сатып алууда салыктан бошотуу сындуу маселелерди айтышты.

Министрлер кабинетинин башчысы жеңил өнөр жай тармагындагы ишканалардын ээлери менен жолугушуулар уланып, салык жеңилдиктерин берүү, жеткиликтүү насыялоо маселелери карала турганын белгиледи.

«Керек болсо аймактардагы бош турган мамлекеттик имараттарды тигүү өнөр жай ишканаларынын пайдаланууга берүүгө даярбыз», — деди ал.

Жыйынтыгында экономика жана коммерция министрлигине «Легпром» Ассоциациясы жана финансы институттары менен бирдикте текстиль тармагына жеңилдетилген насыя берүү жана чийки заттын жана материалдык ресурстардын импортуна көз карандылыкты азайтуу чараларын иштеп чыгуу тапшырылды.

Ошондой эле, Акылбек Жапаров бир катар жеңил өнөр жай кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйлады.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>