КР Билим берүү министрлиги пенсия курагындагы мугалимдерди эмне күтүп жатканын түшүндүрдүКыргызстандыктарга Казакстанга кирүү үчүн уруксат талап кылынат — жаңы эрежелерКыргызстанда ИИМдин жаңы имараттары ачылып, милициянын автопаркы жаңыландыБишкекте 18 жаштагы кыз 15 кабаттуу үйдүн терезесинен кулап түштүПольшанын премьери орусиялык боттор тууралуу билдирди, ал эми оппозиция өкмөттүн отставкасын талап кылуудаBinance хакердик чабуулдан кийин колдонуучулардын чыгымдарынын 90%ын жапканын билдирди
Өкмөттө Кыргызстандын айыл чарба продукциясын АКШга экспорттоо маселеси талкууланды
30.06.2026 | 14:58

Бүгүн, 30-июнда, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана айыл чарба министри Эрлист Акунбеков менен АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигеринин жолугушуусу болду. Анда Кыргызстандын айыл чарба продукциясын АКШ рыногуна экспорттоо маселеси талкууланды. Бул тууралуу Минкабдын басма сөз кызматы билдирди.
Тактап айтканда, тараптар Кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн АКШ рыногуна чыгуусуна көмөк көрсөтүү, сертификациялоо, фитосанитардык талаптар, сапат жана таңгактоо стандарттары боюнча маселелерди карашкан.
Ошондой эле экспорттун көлөмүн көбөйтүү үчүн өндүрүштү заманбап техника жана технологиялар менен камсыз кылуунун маанилүүлүгүнө токтолушкан. Жолугушуунун соңунда тараптар аталган багыттарда тыгыз иштешүүнү макулдашкан.