Кыргызстан БУУда терроризмге каршы күрөшүү ыкмалары менен тааныштырды

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков БУУнун Терроризмге каршы күрөшүү жумалыгынын алкагында өтүп жаткан төртүнчү Жогорку деңгээлдеги конференцияга катышууда.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара «Терроризмден эркин келечек: мүчө-мамлекеттердин лидерлиги жана иш-аракеттери аркылуу терроризмге каршы күрөшүүдө көп тараптуу ыкмаларга глобалдык берилгендикти бекемдөө» деген ураандын алдында өтүүдө.
Конференцияда сөз сүйлөгөн Орозбеков катышуучуларды Кыргызстанда террористтик жана экстремисттик түзүмдөрдүн ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу, анын ичинде алгачкы этаптарында алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен тааныштырды.
Ал белгилегендей, республика мыйзамдык чараларды жана калктын, биринчи кезекте жаштардын радикалдашуусун алдын алууну айкалыштырган терроризмге каршы күрөшүүнүн комплекстүү ыкмасын ишке ашырууну улантууда.
Коопсуздук кеңешинин катчысынын айтымында, коомдун туруктуулугу укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү менен гана эмес, билим берүүнү, агартууну өнүктүрүү, конфессиялар аралык ынтымакты бекемдөө жана жарандардын өз потенциалын ишке ашыруусуна шарттарды түзүү аркылуу да камсыздалат.
Орозбеков ошондой эле Кыргызстан куралдуу конфликт аймактарынан кайтарылган жарандарды реабилитациялоону жана коомго кайра аралаштырууну (реинтеграциялоону) терроризмдин алдын алуунун жана мамлекеттин эл аралык милдеттенмелерин аткаруунун маанилүү элементи катары карай турганын баса белгиледи.
Мындан тышкары, ал республика кылмыштуу ишмердүүлүктү каржылоого каршы күрөшүү тутумун өркүндөтүп жатканын билдирди.
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча бул тармакта Кыргыз Республикасынын 2026–2030-жылдарга карата Улуттук стратегиясынын долбоорун даярдоо иштери жүрүп жатат.