Кабминде социалдык коргоо тармагындагы негизги көйгөйлөр белгилендиКазакстандагы жол кырсыгынан кыргызстандык жаран каза болдуБишкекте Улуттук педагогикалык форум өтүүдө«Кыргыз керемети» жана «Мосфильм»: кадр артында калган окуяларКыргызстанда 8 райондо суу менен камсыз кылуучу райондук ишканалар түзүлөтКыргызстанда социалдык кызматкерлердин айлык акысы 40 миң сомго чейин көтөрүлдү
Окуучуну ит талаган окуяны милиция иликтеп баштады
03.04.2021 | 17:26
Бишкекте окуучуну ит талаган окуяны милиция иликтеп баштады. Бул тууралуу “Репортерго” Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 1-апрелде Бишкек шаарынын Абдырахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Милицияга шаар тургуну 11 жашар баласын ит талаганын айтып арыз менен кайрылган.
Окуучу баланы окуя болгон жерден “Тез жардам” кызматы 3-балдар ооруканасына жеткирген. Ага соттук-экспертиза дайындалган.
Бул окуя боюнча милиция сотко чейинки өндүрүштү ачып, иттин ээсин аныктоо иш аракеттерин баштаган.
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек шаарында көчөдөн өтүп бара жаткан адамдарга кол салган иттин тасмасы интернетке чыккан.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар