Үч тонна баңгизат, кармалган 417 адам жана жети баңги лабораториясы: ЖККУ операциясынын жыйынтыгыИшкердикти өнүктүрүү фонду микрофинансылык компанияга айландырылатЭнергетика жана курулуш: КР жана РФ өкмөт башчыларынын Екатеринбургдагы жолугушуусунун жыйынтыгыБаткенде Чек ара, Бажы жана ветеринария кызматтарынын кызматкерлери кармалды – булактарБишкек мэриясы борбордогу имараттардын жаңыланган фасаддарын көрсөттү — сүрөтКыргызстандын нефтетрейдерлери чет өлкөдөн КММ жеткирүүчү жаңы өнөктөштөрдү издеп жатышат
Олимпиада-2024: Суучул Елизавета Печерских 30-орунду ээледи
03.08.2024 | 16:29
Бүгүн, 3-авшустта Олимпиада оюндарында кыргызстандык суучул Елизавета Печерских жарышка чыкты.
Печерских 50 метрге эркин стилде сууда сүзүү мелдешинде 79 спортчу менен жарышты. Алар 10 топко бөлүнгөн. Печерских 26,26 секунда жыйынтыгы менен өз тобунда 1-орунду ээледи.
Жалпы жарыштардын алдын ала жыйынтыгы боюнча Елизавета Печерских 30-орунга жайгашып, жарым финалга чыга алган жок. Жарым финалга чыгыш үчүн ТОП-16га кириш керек болчу.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын 16 спортчусу сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча мелдештерге катышууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар