ЖКда 2027-жылы онкологияга бөлүнчү каражатты көбөйтүү сунушталды

Кыргызстандын 2027-жылга карата бюджетин түзүүдө онкологиялык ооруларды дарылоого бөлүнгөн каржылоону көбөйтүү зарыл. Мындай сунушту Жогорку Кеңештин депутаты Медер Чотонов билдирди.
Парламентарийдин айтымында, учурда Кыргызстанда 7 миң 40 адам онкологиялык оорулар менен күрөшүп келет. Ооруканаларды керектүү дары-дармек жана жабдуулар менен камсыз кылууга 6 млрд сомдон ашык каражат талап кылынат. Ал эми мамлекет, депутат келтирген маалымат боюнча, болгону 550 млн сом бөлө алат.
«Жакында 2027-жылдын бюджетин карайбыз. Ошондо онкологиялык оору менен күрөшүп жаткан жарандарыбыздын дары-дармегине жана тиешелүү жабдууларга бөлүнгөн каражатты көбөйтүү маселесин карашыбыз керек деп ойлойм», — деди Чотонов.
Депутат ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларындагы онкологиялык мекемелерди заманбап медициналык жабдуулар менен камсыз кылууга чакырды.
Парламентарий Улуттук онкология жана гематология борборундагы абалга да өзүнчө токтолду. Анын айтымында, борбордогу узун кезектер көп сынга алынат, бирок алардын келип чыгуу себептерине жетиштүү көңүл бурулбай жатат. Тактап айтканда, мекемеде имарат жана бөлмөлөр жетишсиз болуп, эки дарыгер бир чакан кабинетте бейтаптарды кабыл алууга аргасыз.
Чотонов борборду бүгүнкү күндүн талаптарына жооп берген заманбап имараттар менен камсыз кылуу зарыл деп эсептейт.
Депутат кадрлардын жетишсиздигин дагы бир олуттуу көйгөй катары белгиледи. Анын айтымында, 425 орундуу борбордо болгону бир гистолог иштейт.
«Эгер ошол гистолог жумуштан кетип калса, кандай чоң көйгөй жараларын түшүнүп турабыз», — деди парламентарий.
Буга байланыштуу Чотонов онкологиялык жардамды каржылоону көбөйтүү менен катар медициналык мекемелерди жабдуу, имарат маселесин чечүү жана адистердин жетишсиздигин жоюу зарылдыгын белгиледи.