Садыр Жапаров чек арачыларга 30 млн сом бөлүп, Ошто аскердик комплексти ачтыНургазы Атканов «Кызмат» мамлекеттик мекемесине жетекчи болуп дайындалдыСауд Арабиясы Эр-Рияддагы аэропорттун жабылышын узартты13-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жаан, тоолуу жерлеринде кар жаашы күтүлөт«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталды
«Учур» театрынын «Чиркин өмүр» спектаклинин коюлушу 6-октябрга жылдырылды
01.10.2026 | 14:40

«Учур» жаштар театрынын 5-октябрга белгиленген жаңы сезонунун ачылышы жана «Чиркин өмүр» спектаклинин көрсөтүлүшү 6-октябрга жылдырылды. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Мекеменин маалыматында, 5-октябрга сатылып алынган билеттер 6-октябрдагы көрсөтүүгө жарактуу.
В. Л. Гуркиндин «Сүйүү жана көгүчкөндөр» пьесасынын негизинде сахналаштырылган бул комедия 6-октябрда саат 18:00дө Б. Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрында өтөт. Спектаклдин коюучу-режиссёру — Кыргыз Республикасынын Эл артисти Уланмырза Карыпбаев. Чыгармада үй-бүлөлүк мамилелер, сүйүү, ишеним жана адамдык баалуулуктар юмор аркылуу баяндалат.
Рубрики: Жаңылыктар, Маданият
Теги: Театр