Министрлер Кабинети 2027-жылы 33 млрд сомдон ашык насыя тартууну пландоодоЧүй облусунда 110 млн сомдук муздаткыч комплекси ишке берилдиШакиранын концерти Кыргызстандын экономикасына $30 млн алып келиши мүмкүн — КубатовКыргызстанда жыл башынан бери 93 мыйзамсыз таштанды жайы жабылдыКыргызстанда үч жылда баалар дээрлик 22% кымбатташы мүмкүнМинистрлер Кабинети 2027-жылы Кыргызстандын ИДПсы 2,7 трлн сомго жетерин болжолдоодо
Кыргызстан менен Италиянын соода палаталары кызматташуу боюнча меморандумга кол койду
02.10.2026 | 16:12

Рим шаарында Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы менен Иран жана Экономикалык кызматташтык уюмуна (ЭКО) кирген өлкөлөр боюнча Италиянын Соода-өнөр жай палатасынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Документке Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын атынан уюмдун вице-президенти Мамасадык Бакиров кол койгон.
СӨЖПнын маалыматында, меморандум эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы түз байланыштарды түзүүгө багытталган.
Макулдашуу коммерциялык маалыматтарды алмашууну, бизнес-миссияларды жана B2B жолугушууларды уюштурууну, компаниялардын көргөзмөлөргө катышуусун камсыз кылууну жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгууну карайт.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика