Олимпиада: Бүгүн Шеров менен Сейитбек уулу таймашка чыгат

Олимпиада: Бүгүн Шеров менен Сейитбек уулу таймашка чыгат

Бүгүн, 31-июлда Париждеги Олимпиада оюндарында кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров (90 кг) жана боксчу Мунарбек Сейитбек уулу таймашка чыгат.

Шеров беттешти 1/16 финалдан баштап, кубалык Иван Фелипе Силва менен күч сынашат. Кармаш саат 14:00до башталат.

Эрлан Шеров 2023-жылы Азия оюндарынын жеңүүчүсү болуп, аталган мелдешти уткан биринчи кыргызстандык дзюдочу болгон. Ал быйыл дүйнө чемпионатында коло тагынып, өлкө тарыхында дүйнө биринчилигинде байге алган алгачкы дзюдочу болуп калды. Ошондой эле Шеров Азия чемпионатында күмүш (2022-жыл) жана коло (2024-жыл) уткан.

Анын атаандашы Силва 2018-жылы дүйнө чемпионатында күмүш байге уткан. 2019-жылы Пан-Америка оюндарынын жеңүүчүсү болгон, 2015-жылы күмүш байгеге татыган. Пан-Американын 4 жолку чемпиону.

Буга чейин Шеров менен Силва бир ирет кез келген. Ал беттеш 2023-жылы Hungary Masters мелдешинин алкагында өтүп, анда Шеров жеңишке жеткен.

Ал эми Сейитбек уулу таймашты 1/8 финалдан баштайт. Анын биринчи атаандашы кубалык Орта Родригез болот. Беттеш 1-августка караган түнү саат 00:00до башталат.

Мунарбек Сейитбек уулу дүйнө биринчилигинин коло байге ээси. Ал — Кыргызстандын эгемен тарыхында дүйнө чемпионатында байге алган биринчи боксчу.

Орта Родригез дүйнө чемпионатынын күмуш байге ээси болуп саналат.

Олимпиада: Кыргызстандык спортчулар кайсы күндөрү таймашка чыгат?

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>