Бишкекте Роза Айтматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттүКыргызстанда 2027-жылдан тарта айрым пенсиялар жогорулайтИзраилдеги шайлоо: рекорддук катышуу, бирок эч бир блок көпчүлүккө ээ боло алган жокЖапония Кыргызстанга жол куруу техникаларын алуу үчүн 533 млн иен грант бөлдүКыргызстан менен Кытай суу чарба адистерин биргелешип даярдайтЖКнын пленардык жыйынына депутаттардын жарымынан азы катышууда — сүрөт
Күздөгү шайлоодо Бишкек, Ошто ат салыша турган мандаттардын саны көбөйөт
31.07.2024 | 10:00
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын санын көбөйтүү сунушталууда. Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев демилгелеп, коомдук талкууга чыгарды.
Өлкөдөгү административдик-аймактык реформага байланыштуу Бишкек, Ош жана айылдык кеңештердеги мандаттардын санын ал аймактын тургундарынын санына карата бекитүү киргизилүүдө.
Марлен Маматалиев төмөнкү өзгөрүүнү сунуштайт:
- Бишкек, Ош шаарларынын кеңештери: 50 000ге чейин – 45 депутат, андан ашык – 51 депутат;
- Шаардык жана айылдык кеңештер: 6000ге чейин – 11 депутат, андан ашса – 21 депутат, 20001ден 70 000ге чейин – 31 депутат, 70 001ден тартып жана андан ашык – 41 депутат.
Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев калаа кеңейгенден кийин анын калкынын саны 2 миллионго жетерин айткан. Демек шаардык кеңештин депутаттарынын саны алтыга көбөйөт.
Белгилей кетсек, күзүндө бардык аймактык кеңештер мөөнөтүнөн мурда таркатылып, өлкө боюнча ири шайлоо өтөт.
https://reporter.kg/kyzyndo-shaardyk-zhana-ajyldyk-keneshterdin-baaryna-shajloo-otot/
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат