Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
Кыргызстандагы бардык мектептер онлайн окутууга өтөт
15.12.2022 | 16:06
Республиканын бардык мектептери 24-декабрга чейин онлайн окутууга өтөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова 15-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бул өлкөдө сасык тумоо күч алганына байланыштуу. Окуучулар 16-декабрдан тарта онлайн окууга өтөт.
“Саламаттык сактоо министрлигинен сасык тумоо менен ооругандар көп катталып жатканы боюнча кат келди. Биз республиканын бардык мектептерин 24-декабрга чейин онлайн окутууга өткөрүп жатабыз”, – деди министрдин орун басары Жусупбекова.
Буга чейин Кыргызстанда сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык абалга байланыштуу 172 мектеп карантинге жабылганы маалымдалган болчу.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар