Сасык тумоодон өлкөдө 170тен ашык мектеп карантинге жабылды

Сасык тумоодон өлкөдө 170тен ашык мектеп карантинге жабылды

Кыргызстанда КРВИ жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык абалга байланыштуу 172 мектеп карантинге алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда,  Чүй облусунда 32, Талас облусунда 111, Ысык-Көл облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 6, Ош облусунда 12 жана Бишкек шаарында 8 мектеп убактылуу жабылды.

Белгилей кетсек, борбор калаанын мэриясынан билдиришкендей, борбордо 32 билим берүү мекемеси жабылат. Кошумчалай кетсек, эпидемиологдордун маалыматы боюнча Талас облусунда 111 эмес, 113 мектеп жабылган.са

Карантин учурунда окутуу онлайн режиминде өткөрүлөт.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругунун негизинде мектептер жана бала бакчалар убактылуу жабылып, жергиликтүү мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан тиешелүү буйрук чыгарылган.

Республикада бардыгы болуп 2 миң 357 билим берүү мекемеси бар.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>