Кыргызстанда жумуш издөө жана кызматкерлерди тандоо боюнча мамлекеттик порталдар ишке кирди

30.09.2026 | 17:26
Кыргызстанда жумуш издөө жана кызматкерлерди тандоо боюнча мамлекеттик порталдар ишке кирди — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда жумуш издөө жана кызматкерлерди тандоо үчүн Jumush.gov.kg жана Find-Ish.gov.kg мамлекеттик порталдары ишке кирди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Порталдар аркылуу жарандар өлкө боюнча бош орундар базасына кирип, каттоодон өтүп, Эмгек министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнө барбастан резюмелерин жайгаштыра алышат. Иш берүүчүлөргө бош кызмат орундарын жарыялоо жана адистерди издөө мүмкүнчүлүгү берилген. Порталдардагы бардык кызматтар акысыз көрсөтүлөт.

Мындан тышкары, система эмгек рыногундагы суроо-талапты талдоо, адистер жетишсиз болгон багыттарды аныктоо жана кесиптик билим берүүнү пландаштыруу максатында маалымат топтойт. Долбоордун алкагында чет өлкөдөн кайтып келген жарандарды өлкө ичинде жумушка орноштурууга көмөк көрсөтүү да каралган.

Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын башчысы Наргиза Түркебекова билдиргендей, система жумуш издеген жарандар менен иш берүүчүлөрдү бирдиктүү санариптик чөйрөгө бириктирет.

Кийинки этапта жеке сектор үчүн «Электрондук эмгек келишими» жана «Электрондук эмгек китепчеси» модулдарын ишке киргизүү пландалууда.

Теги: жумуш
Scroll to Top