Депутат педофилдерге өлүм жазасын киргизүүнү сунуштады — видео

Депутат педофилдерге өлүм жазасын киргизүүнү сунуштады — видео

Бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ырысбек Атажанов педофилдерге өлүм жазасын киргизүүнү сунуштады.

Ал Баткенде 14 жаштагы кыз зордукталып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн айтып, бул жолго барган адамдарга жазаны күчөтүү керектигин айтты.

«Бул боюнча 3 бала камакка алынды. Түштөн кийинкиге укук коргоо органдарын чакыралы. Маалымат беришсин. Улуттук трагедия болуп жатат. Бир эле жолу болгон жок. Жылдан жылга кайталанып жатат. Чечкиндүү кадамдарга баралы. Мыйзамды өзгөртүп, педофилдерге өлүм жазасын киргизсек болмок. Комиссия түзүп, ушул маселени карап чыгалы», — деди депутат.

Андан кийин Марлен Маматалиев жакында эле аялдарга зордук-зомбулук көрсөткөндөргө жана педофилдерге жазаны катаалдаштырган мыйзам кабыл алынган белгилеп, аталган мыйзамдын аткарылышы боюнча маалымат угууну сунуштады.

«Ал мыйзамда ыпылас нерселерге барган адамдарга чоң жазалар каралган. Аларга эч кандай мунапыс берилбейт, мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыга албайт. Алар кайсы бир маалымкат менен жоопкерчиликтен кача албайт. Өмүр бою жазага тартылсын деген мыйзам кабыл алынган. Күн тартибине киргизели, өкмөт мүчөлөрү мыйзамдын аткарылышы боюнча маалымат берсин. Кандай кемчилиги бар, жазаны дагы кантип күчөтсө болорун карайлы. Аларды атып салса болор эле. Бирок ага Конституция жол бербейт экен. Биз жазаны болушунча күчөткөнгө аракет кылганбыз», — деди ал.

Эскерте кетсек, Баткенде 14 жаштагы кыз киши колдуу болгон. Бул кылмышка шектүү катары 3 адам кармалган. Бул кайгылуу окуяга байланыштуу президент Садып Жапаров үн катып, кылмышты жасгаан адамдар катуу жаза алышы керектигин билдирген.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>