Биринчи Май райондук соту 24-августта жазуучу Олжобай Шакирдин баш коргоо чарасын карап, аны камакка алуу боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу жактоочу Бакыт Автандил билдирди.
Олжобай Шакир 20-октябрга чейин УКМКнын СИЗОсунда болот.
Шакир 23-августта кармалган. Ага “жапырт башаламандык уюштуруу аракети”, “бийликти басып алуу аракети” боюнча айып тагылган.
Жактоочу бардык айыптар негизсиз экенин жана алар аны бошотууга аракет кылышарын билдирди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз