Бишкекте 80 млн сомго жаңы терапия бөлүмү курулду — сүрөтЖапаров Борбордук Азия жана Азербайжандын бирдиктүү онлайн соода аянтчасын түзүүнү сунуштады«Кирешелүү тармактарды монополия кылып алышкан» — Орунбеков «Манастын» мурдагы жетекчилиги тууралууКМДБ Умра сапарын уюштуруу боюнча 34 турфирманы аккредитациялады — тизмеКамчыбек Ташиев УКМК Эрлисти Акунбековду эмне себептен кармаганын түшүндүрдүБишкекте Шакиранын концертине карата Bishkek Arena стадионунда сахна курула баштады — видео
Аксыда күйүүчү май ташуучу унаа оодарылып кетти
24.08.2023 | 19:17
Кечээ, 23-августта Жалал-Абад облусунун Аксы районунан өткөн Кербен – Таш-Көмүр унаа жолунун 8-9-чакырым аралыгында күйүүчү май ташуучу унаа оодарылып, жол жабылып калган.
ӨКМден билдиришкендей, мындан улам райондогу №70 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп саат 16.02де, буга кошумча дагы 1 күжүрмөн эсеп жөнөтүлгөн.
Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен унаадан чыккан тилсиз жоо саат 16:38де чектөөгө алынып, саат 18:07де толук өчүрүлгөн.
Кырсыктын кесепетинен унаадагы 8 куб соляркасы толугу менен күйгөн. Өрттүн көлөмү чоң болгондуктан натыйжада 15 га куураган чөп күйгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар