Чала таанышын 5 миң долларга алдап кеткен жаран кармалды

Чала таанышын 5 миң долларга алдап кеткен жаран кармалды

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектүү делип, мурда бир нече жолу соттолгон жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын август айынын башында Свердлов РИИБге 46 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Анда, ушул жылдын январь айында, чала тааныш жаран арыздануучунун ишеничине кирип, алдоо жолу менен андан ири өлчөмдөгү акча каражатын алдап алып, белгисиз тарапка изин жашырып кеткен.

Маалым болгондой, чала тааныш адам жардам көрсөтүү максатында дарек ээсине 5 миң АКШ долларын жеткирип берем деп алып кеткен. Бирок, ал акча каражат аталган дарекке жеткен эмес. Кылмышка шектүү адам акча каражатын өз муктаждыгына жумшап жок кылган. Бул факты боюнча Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси «алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкектин аймагында ИИМдин ыкчам кызматкерлери тарабынан, Талас облусунда 1985-жылы туулган, мурда бир нече жолу соттолгон, кылмыштуу чөйрөнүн жетекчилери менен тыгыз байланышта болгон А.А. аттуу жаран кармалган.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>