Омикрон балдар үчүн кооптуубу? Адистин жообу

Омикрон балдар үчүн кооптуубу? Адистин жообу

Балдарда салыштырмалуу сейрек кездешүүчү SARS-CoV-2 коронавирусунан айырмаланып, омикрон коронавирусунун жаңы штаммы чоңдор үчүн да, балдар үчүн да бирдей коркунучтуу. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө башкармалыгынын жетектөөчү адиси Султан Суранбаев билдирди.

«Коронавирустун омикрон штаммы чоңдорго да, балдарга да таасир этет. Бул жагынан башка сасык тумоо вирустарына окшош», — деп түшүндүрдү Суранбаев.

Ал белгилегендей, көпчүлүк учурда «омикрон» — штамм оорусу жеңилирээк, бирок өнөкөт оорулары бар, иммунитети начар адамдар үчүн кооптуу. Аларда кыйынчылыктар пайда болушу мүмкүн.

Учурда дарыгерлер балдар арасында коронавирустун көбөйгөнүн байкашпайт. COVID менен ооругандардын көбү 18 жаштан 39 жашка чейинкилер.

«Бул эл көп чогулган жерлерге жигердүү барган жумушчу калк. Муну оорулуулар өздөрү да ырастап жатышат», — деп билдирди бүгүн брифингде коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова.

Саламаттык сактоо министрлиги ата-энелерди балдарында ОРВИ белгилери байкалса, аларды мектепке жана бала бакчага жибербөөгө чакырат.

Кечээ Кыргызстанда омикрондук инфекциянын алгачкы учурлары расмий тастыкталды. Ошол эле учурда өлкөдө COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны кескин өсүүдө. Бүгүн 742 жаңы COVID-19 учуру аныкталды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>