Орус тили маселесинде саясий манипуляция жасоо аракетине каршыбыз, — Жапаров

Орус тили маселесинде саясий манипуляция жасоо аракетине каршыбыз, — Жапаров

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-мартта, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчукту кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуу Бишкекте боло турган соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги 24-жыйынынын алкагында өттү.

Мамлекет башчысы эки өлкөнүн элдеринин боордоштугу, алардын тарыхый жана маданий жалпылыгы Кыргызстан менен Россиянын эки тараптуу мамилелерин өнүктүрүүнүн негизги фактору катары карала турганын белгиледи.

Кыргыз-орус кызматташтыгын илгерилетүүдөгү колдоо үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстанда окутуусу орус тилинде тогуз орто мектепти куруу боюнча бүгүн кол коюла турган Макулдашуунун маанисин белгиледи.

Кыргызстанда орус тилинин статусу маселесине токтолуп, президент Садыр Жапаров бул маселеде саясий манипуляция жасоо аракеттерине чечкиндүү каршы экенин белгиледи – орус тили өлкөнүн Конституциясында расмий тил катары бекитилген.

Президент Садыр Жапаров өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынынын жыйынтыгы кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгын тереңдетүүгө өбөлгө болоруна ишеним билдирди.

Өз кезегинде Алексей Оверчук Кыргызстан менен Россияны өнөктөштүк жана ишенимдүү мамилелери бириктирип турганын, Садыр Жапаровдун Россияга күтүлүп жаткан расмий сапары эки өлкөнү мындан да жакындашуусуна өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Алексей Оверчук бүгүн кол коюлчу Макулдашуунун алкагында Кыргызстанда курула турган мектептердин долбоору тууралуу айтып берди. Маалыматка ылайык, жаңы жалпы билим берүү жайларынын бүтүрүүчүлөрү эки үлгүдөгү — Кыргызстан менен Россиянын аттестаттарын алышат.

Заманбап мектептер төрт корпустан турат: административдик, спорттук, башталгыч класстар үчүн жана өзүнчө жогорку класстар үчүн. Окуу комплекси заманбап техника менен жабдылып, оюн аянтчасы, бассейндер жана спорт залдары болот.

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынынын мазмундуу күн тартибин канааттануу менен белгиледи, анын көптөгөн маселелери боюнча аткарыла турган чоң иштер турат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>