Садыр Жапаров Орусияга расмий иш сапары менен барат

Садыр Жапаров Орусияга расмий иш сапары менен барат

Садыр Жапаров Орусияга расмий иш сапары менен барат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров менен Россиянын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчуктун жолугушуусунда белгилүү болду.

Жолугушуу Бишкекте боло турган соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги 24-жыйынынын алкагында өттү.

Президент Садыр Жапаров өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынынын жыйынтыгы кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгын тереңдетүүгө өбөлгө болоруна ишеним билдирди.

Өз кезегинде Алексей Оверчук Кыргызстан менен Орусияны өнөктөштүк жана ишенимдүү мамилелери бириктирип турганын, Садыр Жапаровдун Орусияга күтүлүп жаткан расмий сапары эки өлкөнү мындан да жакындашуусуна өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>