Ысык-Көлдө экологиялык милиция 800дөн ашык көчөт тикти

Ысык-Көлдө экологиялык милиция 800дөн ашык көчөт тикти

Ысык-Көлдө туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери 800 ашык көчөт отургузушту.

Облустук милициядан белгилешкендей, «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүн ишке ашыруунун алкагында экологиялык милиция тарабынан айлана-чөйрөнү коргоо боюнча бир катар иш-чара өткөрүлүп, алардын бири аймактын тоолуу жерлерине бак-дарак отургузуу болуп саналат.

«Бул жолу Ысык-Көлдүн туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери Ак-Суу районунун токойчулугунун аймагына 800дөн ашык көчөт отургузушту. Тартип сакчылары белгилегендей, алардын негизги максаты жаратылышка кам көрүү жана аны сактоо боюнча жакшы иштерди турмушка ашыруу болуп саналат. Анткени, акыркы мезгилде айрым адамдар жаратылыш байлыгына керектөөчүлүк менен мамиле кылышат. Дал ушул себептен жаратылыш жыл сайын камкор адамдарга көбүрөөк муктаж болот», — деп билдиришти милициядан.

Бул иш-чарага облустук милициянын башчысы Орунбай Кочкоров дагы катышып, ондон ашык көчөт тиккен. Ал туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери бул саамалыкка балдарын да ээрчитип келгенин белгилеп, мактап өткөн.

«Жаратылышка болгон сүйүү жана камкордук сезими жерге үрөн себүүдөн же көчөт отургузгандан башталат. Муну жасаган адам эч качан табиятына балта чаппайт, эч качан токойго өрт салбайт, жаратылыштын бизге берген белектерине эч качан кайдыгер карабайт», — дейт Кочкоров.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>