Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары, “Бирдиктүү Орусия” партиясынын лидери катуу жөтөлдөн улам бүгүнкү жыйындарга катыша албай калды. Бул боюнча жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашууда.
Медведевди коронавирус илдетине кабылып калышы мүмкүн деген жоромолдор бар. Бирок, Коопсуздук кеңешинин катчысы Андрей Турчак бул жоромолдорду четке кагып, жөн гана катуу жөтөл, жакында сакаят деп жатат.
Медведев “Бирдиктүү Орусия” партиясын баштап шайлоого катышкан. 3 күндөн бери шайлоо өттү. Анын партиясы алдыга чыкты.