Ош шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалдыНафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтыкДарыгерлер пайда көрүү үчүн Индияга орган алмаштырууга жөнөтүп жатышатМайлуу-Суу шаарындагы стадион капиталдык оңдоодон өткөрүлөтРоза Айтматова 89 жаш курагында дүйнө салды
Орусия элдеринин достугу университети кыргызстандык абитуриенттерди кабыл алууну баштады
05.08.2026 | 12:51

Патрис Лумумба атындагы Орусияны элдеринин достугу университети (РУДН) 2026-2027-окуу жылына карата чет өлкөлүк, анын ичинде Кыргызстандын жарандарын окууга кабыл алат. Бул тууралуу КРдин Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, окутуу келишимдик негизде бакалавриат, магистратура жана аспирантура багыттары боюнча жүргүзүлөт. Университет медицина, IT, экономика, инженерия жана гуманитардык илимдер сыяктуу 500дөн ашык программаларды сунуштайт.
Документтерди кабыл алуунун мөөнөттөрү:
- бакалавриат — 10-августка чейин;
- магистратура — 13-августка чейин;
- аспирантура — 11-сентябрга чейин.
Толук маалымат университеттин чет өлкөлүк абитуриенттер үчүн расмий сайтында (international.rudn.ru) жеткиликтүү.
Теги: Абитуриент, Орусия