Бул жакка эч кимди киргизишчү эмес! «Бишкек-Аренадагы» VIP-ложанын алгачкы кадрларыКыргызстан менен БУУ коопсуздук, тынчтык орнотуу багытындагы кызматташтыкты тереңдететСадыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен баратЖаратылыш ресурстары министрлиги калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн реестрин түзүп, лицензиялоо иштерин жүргүзүүдөБул күндү бүткүл дүйнөнүн жаштары күткөн!Бишкектин Кронштадт көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды
«Бала ырысы» жөлөк пулу июль айы үчүн дээрлик 192 миң балага төлөнөт
05.08.2026 | 12:31

Июль айынын жыйынтыгы боюнча ай сайын берилүүчү мамлекеттик «Бала ырысы» жөлөк пулу дээрлик 192 миң балага дайындалды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, жөлөк пул 191 миң 796 балага дайындалган. Аны төлөө үчүн 5-августта министрлик 235,7 миллион сом каржылады.
Эми коммерциялык банктар каражаттарды алуучулардын эсептерине которо баштайт.
Эске салсак, Кыргызстанда төрөлгөндөн тартып үч жашка чейинки балдар үчүн ай сайын берилүүчү «Бала ырысы» жөлөк пулун дайындоо боюнча арыздарды кабыл алуу 2026-жылдын 1-июлунда башталган. Жөлөк пул үй-бүлөнүн кирешесине карабастан дайындалат.