Бостериде VII Кыргыз-Орус экономикалык форуму ачылды

Ысык-Көлдө VII Кыргыз-Орус экономикалык форуму ачылып, ал 7-августка чейин созулат. Ачылыш аземинде Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун (КОӨФ) башчысы Артём Новиков сөз сүйлөдү. Ал фонддун Кыргызстандын экономикасына жумшаган инвестициясынын жалпы көлөмү 1,2 миллиард доллардан ашканын, ал эми жакынкы жылдары КОӨФ жаңы долбоорлорго жылына жүз миллион доллардан ашык каражат жумшоону пландап жатканын билдирди.
Анын айтымында, фонд 10 жылдан ашуун убакыттан бери бизнести каржылык колдоо куралынан өнүктүрүүнүн негизги институттарынын бирине айланып, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун жана өлкө экономикасын модернизациялоонун натыйжалуу механизми катары кызмат кылып келет. Фонддун ишинин аркасында миңден ашык ишкана узак мөөнөттүү каржылоого ээ болуп, жүздөгөн ири ишканалар түзүлүп жана модернизацияланып, заманбап технологиялар киргизилип, ири кооперациялык долбоорлор ишке ашырылганын белгиледи.
Новиков аймактын өнөр жайын модернизациялоодо зор тажрыйбага, технологияларга жана потенциалга ээ болгон Россия негизги ролду ойной аларын баса белгиледи. Анын пикиринде, аймактык энергетикалык кызматташтыкты чыңдоо да маанилүү: Казакстан менен Өзбекстандагы атомдук электр станцияларынын долбоорлору Кыргызстан менен Тажикстандын гидроэнергетикасын өнүктүрүү менен бирге Борбордук Азиянын бириккен энергетикалык системасын жана электр энергиясынын бирдиктүү рыногун модернизациялоонун негизи боло алат.
Башка келечектүү багыттардын катарында ал соода жана жумушчу күчүнүн кыймылы үчүн административдик жана санариптик тоскоолдуктарды четтетүүнү, аймактагы өлкөлөрдүн маалыматтык системаларын Россиянын жана Евразия экономикалык комиссиясынын системалары менен айкалыштырууну, ошондой эле миграциялык агымдарды башкарууну санариптештирүүнү атады. Анын айтымында, санариптештирүү жаңы тоскоолдуктарды жаратпастан, мыйзамдуу жумушка орношууну жеңилдетип, жарандардын укуктарын коргошу керек. Мындан тышкары, Новиков Борбордук Азиянын бирдиктүү туристтик мейкиндигин — бирдиктүү туристтик виза, биргелешкен маршруттар жана дүйнөлүк деңгээлдеги аймактын бирдиктүү бренди менен калыптандырууну сунуштады.
Россиянын аймактагы ролу тууралуу айтып жатып, КОӨФ башчысы аны Борбордук Азия мамлекеттеринин негизги стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири деп атап, кызматташтык өз ара пайдалуулуктун принциптеринде курулушу керектигин белгиледи: аймак өсүп жаткан рынокту, ресурстук базаны жана ыңгайлуу транспорттук жайгашууну сунуштаса, Россия — кенен рынокту, өнөр жай технологияларын жана ири долбоорлор үчүн каржылык инфраструктураны сунуштайт.