Орусияда 985 кыргызстандык мигрант абакта. Көбү баңги менен кармалган

Орусияда 985 кыргызстандык мигрант абакта. Көбү баңги менен кармалган

Орусия Федерациясында 985 кыргызстандык жаран абакта жатат. Бул тууралуу Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков бүгүн, 28-июнда Жогорку Кеңештин “Ыйман Нуру” фракциясынын жыйынында айтты.

Анын айтымында, камактагы кыргызстандык жарандардын 30 пайызы баңгизаттарга тиешелүү кармалышкан.

“Бул маселелердин көйгөйлөрүн талдап баштадык. Украидагы согуш болгонуна байланыштуу жумуш орундары кыскарып, жарандар жумушсуз калган учурда, социалдык тармактардагы кулактандыруу аркылуу оңой акча табуу максатында үгүттөө иштерине кириптер болушкан.

Экинчиден биздин жарандарга маалымат жетпей жатат. Бири баңги курьерликке билип барса, кээ бири билбей аралашууда. Кайрылган жарандардын көбү “Бизге жеткирүүчү болуп иштейсиңер деген. Баңгизат болорун билген эмесмин” деп айтышууда”, — деди Аскат Азарбеков.

Ошондой эле, ал Орусияда 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча 1 млн 63 миң кыргызстандык мигрант бар экенин айтып, алар эң көп жайгашкан аймактарга Акыйкатчынын өкүлчүлүгүн ачууну Жогорку Кеңештен өтүнүп: «муну менен жарандарга жардам берүүгө жол түзүлөт эле», — деди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Орусия

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>