2026-жылы Ысык-Көлдө эс алуу үчүн эң мыкты 5 жай: туристтер түзгөн рейтинг

Ысык-Көлдө эс алуучу жайды тандоо анчейин оңой эмес, түндүк жана түштүк жээктер эс алуу үчүн бири-биринен кыйла айырмаланган шарттарды сунуштайт. Түндүгүндө (Чолпон-Ата, Бостери, Сары-Ой) инфраструктура жакшы өнүккөн, кумдуу пляждар, кафелер жана көңүл ачуучу жайлар бар. Бирок туристтер көбүрөөк жана баалар жогору. Түштүгүндө (Кажы-Сай, Тамга, Бөкөнбаев) тынч, туристтер дээрлик бара элек, табияты тебеленбеген кооз жерлер, этнотуризми бар. Баалары да жеткиликтүү. Бирок мында ыңгайлуу шарттар азыраак жана жээктери шагылдуу.
Reporter.kg туристтерге тандоо жасоого жардам берүү максатында алардын пикирлеринин негизинде 2026-жылы Ысык-Көлдө эс алуу үчүн эң мыкты беш жайдын рейтингин түздү.
Рейтингди кантип түздүк
Биз дүйнө жүзүндөгү туристтер арасында популярдуу болгон эки ресурс — Tripadvisor жана Booking.com платформаларынын 2026-жылдагы акыркы маалыматтарын колдондук. Tripadvisor — дүйнө жүзүндөгү миллиондогон мейманканалар, ресторандар, туристтик жайлар жана авиабилеттер тууралуу сын-пикирлер, баалар жана сүрөттөр жарыяланган саякатчылар үчүн популярдуу эл аралык сайт жана мобилдик тиркеме. Booking — мейманканаларды, конок үйлөрүн жана турак жайдын башка түрлөрүн издөө жана брондоо үчүн дүйнөлүк сайт жана тиркеме. Эки платформа тең сын-пикирлердин жасалма жол менен көбөйтүлүшүнө көз салып, шектүү мазмундарды өчүрүп турат.
Талдоо жүргүзүүдө биз туристтер мейманканаларга, кемпингдерге жана конок үйлөрүнө койгон орточо бааны гана эмес, сын-пикирлердин санын жана алардын актуалдуулугун да эске алдык. Ошондой эле көлгө жакын жайгашканын, пляждын сапатын, инфраструктураны жана баа менен сапаттын айкалышын бааладык. Ысык-Көлдүн айланасындагы мыкты беш жайдын катарына туристтердин ар кандай категориясына ылайыктуу, эки платформада тең туруктуу жогорку бааларга ээ болгон жана эң көп оң пикирлерди топтогон жайлар кирди.
Платформалардагы туристтердин пикири боюнча мыкты бешилтик
KARVEN Four Seasons
Мейманкана түндүк жээктеги Сары-Ой айылында, көлдүн биринчи жээгинде жайгашкан. Көлгө түз баруу мүмкүнчүлүгү жана жабык аймакта эс алуу үчүн акча төлөөгө даяр туристтер бул жайды көп жылдан бери тандап келишет. Бул өзүнүн жабык пляжы жана шезлонгдору, СПА-борбору, эки бассейни (алардын бири жылытылат), ар кандай деңгээлдеги коттедждери жана корпустары, даамдуу тамактануусу (күнүнө үч маал тамактануудан тартып эртең мененки тамак менен гана чектелген варианттарга чейин) жана балдар үчүн анимациясы бар курорттук комплекс.

Сары-Ой айылы Чолпон-Атага жакын жайгашкандыктан, мейманкананын коноктору аквапаркка, «Рух Ордо» этнокомплексине, кафелерге жана дүкөндөргө бара алышат. Ошондой эле бир күндүк экскурсияларга чыгууга болот.
Баасы: түндүк жээктеги орточо баадан жогору. Сезондо суткасына 150–170 доллардан башталып, андан ары өсөт.
Dolinnka Hotel
Чолпон-Атага жакын Кара-Ой айылында жайгашкан, тоолорго караган көрүнүшү жана комплекстүү тамактануусу бар түндүк жээктеги ыңгайлуу мейманкана. Туристтер артыкчылыктары катары тазалыкты, мезгилдик ачык бассейнди, балдар аянтчасын, курорттук шаарчага жана анын көңүл ачуучу жайларына жөө жетүүгө ыңгайлуу жайгашканын белгилешет. Бул жерден экскурсияларга да чыгууга болот. Коноктордун арасында жалгыз саякаттагандар да, балдары менен келген үй-бүлөлөр да бар. Алар мейманкананын жайгашкан жерин жана аймагындагы комплекстүү тейлөөнү баалашат.

Мейманканадан кумдуу пляжга чейин, кайсы жерге жайгашканыңызга жараша, эң көп дегенде 300 метр. Ысык булактарды сүйүүчүлөр коңшу «Ак-Бермет» пансионатына бара алышат.
Баасы: сезон учурунда суткасына 120–140 доллардан башталат.
Teskey Guesthouse Karakol
Бул конок үйү Ысык-Көлдүн чыгыш жээгиндеги Каракол шаарында жайгашкан. Эртең мененки тамак берилген, жайлуу бөлмөлөрү, жалпы ашканасы жана бакчасы бар үй-бүлөлүк гестхаус туристтерди көп жылдан бери өзүнө тартып, популярдуулукка ээ болуп келет. Туристтер бул жерди көлдүн ушул бөлүгүндө треккингге чыгуу, «Алтын-Арашан» ысык булактарына баруу жана башка экскурсияларга чыгуу үчүн ыңгайлуу база катары белгилешет.

Бул жай түгөйлөргө, чакан достор тобуна, активдүү эс алууну, треккингди жана альпинизмди сүйүүчүлөргө, ошондой эле курорттук инфраструктураны талап кылбаган, жекече тейлөө көрсөтүлгөн жайлуу жерди издегендерге ылайыктуу. Гестхаустун өзүнүн Спа-зонасы жана бассейни жок. Мындан тышкары, ал көлдүн жээгинен бир аз алысыраак жайгашкан: эгер сууда түшүүнү кааласаңыз, пляждарга маршрутка, автобус же такси менен 3 чакырымдан ашык жол жүрүүгө туура келет.
Баасы: сезон учурунда бир түнү 50 доллардан башталат.
Bel Tam Seaside Yurt Camp
Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги Бөкөнбаев айылында (Тоң району) жайгашкан боз үй лагери. Көлдү жана тоолорду караган көрүнүшү бар, өзүнүн жеке пляжы, балдар аянтчасы жана күнгө кактануучу аянтчасы бар. Эртең мененки тамагы бар, бирок кошумча акы төлөп, толук тамактанууга да макулдашса болот.

Бөкөнбаевде фольклордук шоу көрүүгө, ат минүүгө, кооз аймактарды аралап сейилдөөгө же Жети-Өгүзгө, «Жомок» каньонуна жана башка жайларга экскурсияга барууга болот. Эс алууну уюштурууга сизге жардам беришет.
Туристтер бул кемпингдин кооз көрүнүштөрү бар экенин жана ал тынчтык издеп келгендерге да, сапар учурунда жаңы адамдар менен таанышууну каалагандарга да ылайыктуу экенин белгилешет. Ошондой эле бул жерге ит же мышыгы менен саякаттагандар да келе алышат. Эгер Ысык-Көл эл аралык аэропорту аркылуу учуп келсеңиз же учуп кетсеңиз, кошумча акы төлөп, трансфер кызматынан пайдалана аласыз.
Баасы: сезон учурунда суткасына 50 доллардан башталат.
«Аль Хаят» арт-мейманканасы
Бул тынч жана бейпил жай Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги Кажы-Сайда жайгашкан. Кумдуу-шагылдуу тынч пляждан 300 метрге жетпеген аралыкта жайгашкан чакан мейманкана азиялык өзгөчөлүк менен айкалышкан европалык бакчалардын жана музейлердин атмосферасы менен туристтерди өзүнө тартат. Аны жалгыз саякаттагандар да, кызыктуу жана көзгө жагымдуу шартта тынч, шашпай эс алууну баалаган үй-бүлөлөр жана компаниялар да тандашат.

Мейманканада эртең мененки тамак берилет, бирок башка тамактануу варианттары боюнча да макулдашууга болот. Коноктор үчүн акысыз жеке унаа токтотуучу жай бар. Ошондой эле Ысык-Көл эл аралык аэропортуна чейин жана аэропорттон акы төлөнүүчү трансфер сунушталат. Экскурсияларды уюштурууга да жардам беришет.
Баасы: сезондо суткасына 70 доллардан башталат.
Кемчиликтери да барбы?
Ооба, болот. Ысык-Көлдө туристтик сезондун кызуу мезгилинде тейлөө сапаты туруктуу болбой калышы мүмкүн экенин дайыма эске алуу керек. Биздин тизмеге кирген эс алуу жайларында да айрым туристтер кызматкерлердин кайдыгер мамилесине, бассейндин тазалыгындагы көйгөйлөргө, жээкке жакын көлдүн түбүнүн таштуу экенине, Wi-Fi жетиштүү деңгээлде иштебегенине же экологиялык боз үйдөн күтүүсүздөн жүн жыты чыккан учурларга нааразы болушкан.
Елена Короткова