Орусиядагы кыргызстандыктардын маалыматтары чогултулат

Орусиядагы кыргызстандыктардын маалыматтары чогултулат

Жогорку Кеңешке шайлоого карата Орусиядагы кыргыз жарандарынын тизмеси октябрда такталат. 4-17-октябрда ал жактагы кыргызстандыктардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу, консулдук каттоого коюу жана башка документ иштери жүргүзүлөт.

Аны Кыргызстандын элчилигинин өкүлдөрү ишке ашырат. Бул алдыдагы парламенттик шайлоого даярдыктын алкагындагы иш-чара экенин Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди.

21-сентябрда БШК мүчөлөрү Москвадагы элчиликте кыргыз диаспораларынын жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү менен жолугушту.

28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо Орусияда 20 добуш берүү тилкеси ачылат.

-Москвада беш жерде;

-Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Владивосток, Красноярск, Иркутск, Якутск, Южно-Сахалинск, Сургут, Тюмень, Казан, Краснодар, Самара, Томск жана Хабаровск шаарларында бирден шайлоо тилкеси болот.

Расмий эсепте Орусияда 500 миңдден көп, бейрамий миллиондон ашуун кыргызстандык бар.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>