Камчыбек Ташиев УКМК Эрлисти Акунбековду эмне себептен кармаганын түшүндүрдүБишкекте Шакиранын концертине карата Bishkek Arena стадионунда сахна курула баштады — видеоКыргызстандын жаштары атом тармагын өнүктүрүүнүн жол картасын түзүштүАраван районунда аңчылык жана балык уулоо эрежелерин бузган 4 адамга айып пул салындыЖКда балдардын Roblox оюнуна жеткиликтүүлүгүн чектөө сунушталдыТурак жай жана компенсациялар: КРда кооптуу аймактардан көчүрүүнүн жаңы тартиби сунушталууда
Орусия Баткенге 1200 орундуу мектеп курат
23.09.2021 | 14:32
Орусия Баткен шаарына 1200 орундуу орус тилдүү мектеп курат. Бул тууралуу “Акчабарга” Баткен шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, курула турган мектеп үчүн Баткен шаардык мэриясы эки гектар жер тилкесин шаардын Чет-Булак аймагынан бөлгөн. Курулуш кийинки жылы башталаары белгилүү болду. Жерди көрүүгө Орусиядан эксперттер келген.
Ошондой эле алар Баткендеги студенттерди Башкортостан мамлекеттик педагогикалык окуу жайына бюджеттик негизде билим алуусуна шарт түзүп берүүгө даяр экендигин билдирди, деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом