Теңгиз Бөлтүрүктүн уулу кармалды

Теңгиз Бөлтүрүктүн уулу кармалды

«Кумтөр Голд Компани» ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктүн уулу кармалды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге өздүк булактар билдирди.

Эскерте кетсек, мындан мурдаарак Чүй облусунда 35 жаштагы А.Т. аттуу жаран «ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» беренеси боюнча кармалганы кабарланган. Ал жаран Теңгиз Бөлтүрүктүн уулу экени белгилүү.

Буга чейин облустук милиция билдиргендей, укук коргоо органдарына «А.Г.» аттуу фирманын өкүлү кайрылган. Ал арызында билдиргендей, 35 жаштагы А.Т. аттуу жаран супервайзер болуп иштеп жүрүп, 274,3 миң сомдук продукцияны алып, аны саткандан кийин акчаны кассага төкпөй изин жашырып кеткен.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 35 жаштагы А.Т. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

Теңгиз Бөлтүрүк үй камагына чыгарылды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>