Мүлктү камакка алуу, карыз алуучуну коргоо жана айып пул: КРда мыйзам долбоору даярдалдыЫсык-Көл менен Соң-Көлдө өндүрмөлүк балык уулоого үч жылдык мораторий киргизилдиМинистрлер кабинети ак кантты, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнөн ташып келүүгө алты айга тыюу салдыБийлик маселени талкуулап жаткан чакта, Таш-Мойноктун балдары мектепке 2 км жөө каттоодоУлуттук музейде Лейлек килемдеринин фестиваль-жарманкеси ачылдыКыргызстан коррупцияга каршы күрөшүү тажрыйбасын Душанбеде тааныштырды
Ош: Аймактык шайлоо комиссиясы толугу менен тарады
09.09.2021 | 15:09
Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын толук курамы тарады. Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында ушундай чечим кабыл алынды. Ага себеп катары буга чейин өткөн шайлоолордо аялдарга басып көрсөтүлгөнү жүйө келтирилүүдө.
БШК мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров өткөн шайлоодо шаардык кеңешке депутаттыкка талапкер айымдар массалык түрдө тизмелерден чыгып кеткен деп сынга алды. Муну менен катар айымдарга кысым көрсөткөнү боюнча башка да фактылар бар экени айтылды.
Шаардык кеңешке депутаттарды шайлоо учурунда катталган мыйзам бузуулар иштер укук коргоо органдарына жөнөтүлмөй болду.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат