Ош: Алайдагы селден жабыркагандарга эмне болду?

Ош: Алайдагы селден жабыркагандарга эмне болду?

Алай районунун Корул айыл ѳкмѳтүндѳ катталган сел боюнча 2022-жылдын 5-май саат 13:30 карата маалымат. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, азыркы учурда селден жабыр тарткан Корул айыл өкмөтү боюнча 229 турак үй,анын ичинен 41 турак-үйдүн жертѳлѳѳсүнѳ сел суулары киргендиги маалым болду. Бүгүн, селден жабыр тарткан 24 турак үй жана 1 дүкөн сел калдыктарынан тазаланды.

Жол тейлѳѳ мекемеси тарабынан кѳпүрѳнү калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жалпы 5000м3 кѳлѳмѳгү жумуш аткарылды.

ƟКМнин жалпы 1 погрузчик, 1 самосвал тартылып ,сел калдыктарына толуп калган Корул айыл ѳкмѳтүнүн ички чарбалык жолдорун, 4 үйдүн короосун, жана 1 км ички чарбалык жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү. Жалпы 720 м3 көлөмдөгү сел калдыктары тазалалды.

Алай райондук ƟКБнүн кызматкерлери тарабынан №26 А.Бекташов атындагы орто мектебинин имаратына кирген сел суулары тазаланып бүткѳрүлдү.

Корул айыл ѳкмѳтүнүн 20 кызматкери Алай райондук жарандык коргонуу кызматы менен биреликте жабыр тарткан жарандардын санын жана ѳздүгүн такташууда.

Жаныбарларды коргоо кызматынан 5 адамдан турган 1 ыкчам топ селдин кесепетинен жоголгон малдарды издѳѳ иштерин жүргүзүдѳ. Учурда 3 уй жана 2 эшек табылып, кѳмүлдү.

КР Коргоо министрлигинин №92843 аскер бѳлүгүнѳн кошумча 50 аскер кызматкери тартылып, жалпы 72 аскер кызматкери селдин кесепеттерин жоюу боюнча иш алып барууда.

Аткарылган иш-чаралар боюнча кошумча маалыматтар берилет.

Тэги: Алай сел

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>