Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
Баткен: Чөп баскан асфальтты УКМК текшере баштады
05.05.2022 | 15:33
Баткендеги чөп баскан жаңы асфальт боюнча текшерүү иштерин башталганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.
Баткен шаарынын борбордук стадионуна асфальт төшөө иштеринин сапаты боюнча бир катар маалымат агенттиктеринде жана социалдык тармактарда жарыяланган сүрөттөргө байланыштуу УКМК төмөнкүлөрдү билдирет:
“Борбордук стадионду реконструкциялоонун алкагында подрядчы тарабынан асфальт төшөө иштери жүргүзүлгөн. Бирок бул иштер технологиялык процесстин талаптарын бузуу менен аткарылган. УКМК бул абалды өз көзөмөлүнө алып, асфальт төшөө иштерин тийиштүү текшерүүгө алды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча коомчулукка кошумча кабарлап турат”, – деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар