Бишкекте 13 жаштагы өспүрүм кыз үч күндөн бери изделүүдөМамлекеттик тууну үйүңүзгө илиңиз! Ошто патриоттук акция өтүүдөЖээнбек Кулубаев ШКУга мүчө мамлекеттердин улуттук координаторлорун кабыл алдыБишкекте Чүй проспектисинин жабылышына байланыштуу 16 автобустун каттамы убактылуу өзгөрөтОш шаарында бир нече негизги көчөлөр оңдолуп, пайдаланууга берилдиТүтүнсүз Көчмөндөр оюндары: Саламаттык сактоо министрлиги стадиондордо тамеки тартууга тыюу салынганын эскертти
Ош: Аравандын анары быйыл экспортко чыгат
07.09.2021 | 14:08
Ош облусунун Араван районунда анар бышып сатыкка чыкты. Аны быйыл Орусия менен Казакстанга экспортко чыгаруу пландалууда. Бул тууралуу “Акчабарга” Араван райондук администрациясынын агрардык өнүгүү бөлүмүнөн билдиришти.
“Учурда Араван районунда анардын баасы дүңүнө 35 сомдон бааланды. Ал эми базарда көлөмүнө карап 40 сомдон баштап 60 сомго чейин сатылып жатат. Жыл сайын дыйкандар өстүргөн анар ички базарда гана сатылып келген. Эгерде анардын көлөмү чоң болуп, товардык көрүнүшү да жакшырса экспортко чыгарат”, – деди райондук агрардык өнүгүү бөлүмүмүн адиси Нурланбек Кубатов.
Маалыматка ылайык, Араван районунда быйыл 102 гектар жерге анар эгилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика