Жылуу күндөрдү узатабыз: Бишкектин борборунда кайсы жайкы аянтчаларда отурса болотБазар-Коргондо таштанды полигонунун экологиялык паспортунун мөөнөтүн узартпаганы үчүн айыл өкмөтүнө айып салындыЖалал-Абаддын Кербен шаарын айланып өтүүчү жаңы унаа жолу салынуудаКыргыз улуттук драма театрынын 100 жылдыгына карата атайын мастер-класстар өтөтТажрыйба алмашуу, каттамдарды өнүктүрүү: «Манас» жана «TRIWO Hahn» аэропорттору кызматташатБорбордук Азиядагы жер көчкүлөрдүн зыяны 3,59 млрд долларга жетиши мүмкүн — ЕАӨБ
Ош: Аравандын анары быйыл экспортко чыгат
07.09.2021 | 14:08
Ош облусунун Араван районунда анар бышып сатыкка чыкты. Аны быйыл Орусия менен Казакстанга экспортко чыгаруу пландалууда. Бул тууралуу “Акчабарга” Араван райондук администрациясынын агрардык өнүгүү бөлүмүнөн билдиришти.
“Учурда Араван районунда анардын баасы дүңүнө 35 сомдон бааланды. Ал эми базарда көлөмүнө карап 40 сомдон баштап 60 сомго чейин сатылып жатат. Жыл сайын дыйкандар өстүргөн анар ички базарда гана сатылып келген. Эгерде анардын көлөмү чоң болуп, товардык көрүнүшү да жакшырса экспортко чыгарат”, – деди райондук агрардык өнүгүү бөлүмүмүн адиси Нурланбек Кубатов.
Маалыматка ылайык, Араван районунда быйыл 102 гектар жерге анар эгилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика