Каракол шаарынын кире беришиндеги жол оңдолот

22.10.2026 | 12:11
Каракол шаарынын кире беришиндеги жол оңдолот — Новости Кыргызстана

Бүгүн, 22-октябрда, Каракол шаарына Түп районунан кирүүчү жолду оңдоо иштери башталды. Оңдолуучу жолдун узундугу бир чакырымга жакын. Курулушту бир ай аралыгында аяктоо пландалууда. Бул тууралуу Каракол шаарынын мэриясы билдирди.

Долбоорго ылайык, жол төрт тилкелүү болуп жасалат. Анын эки тарабына тротуарлар менен суу агызуучу лотоктор орнотулуп, түнкү жарыктандыруу системасы коюлат. Ошондой эле жол жээгиндеги бак-дарактар жана карагайлар шаардык «Жашылдандыруу» мекемеси тарабынан башка жерге көчүрүлөт.

Мэрия оңдоо иштерине байланыштуу жолдун бул тилкеси убактылуу жабылып, транспорт каражаттары үчүн айланма каттам уюштурулганын билдирди.

Scroll to Top