Жамгыр, тоолорго кар жаап, түнкүсүн үшүк жүрөт: 26-октябрга карата аба ырайы

26.10.2026 | 09:00
Жамгыр, тоолорго кар жаап, түнкүсүн үшүк жүрөт: 26-октябрга карата аба ырайы — Новости Кыргызстана

Бүгүн, 26-октябрда, күндүз Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде жамгыр жаайт, тоолуу райондордо кар түшөт. Түштүк аймактардын өрөөндүү зоналарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрди түзөт. Күндүз Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде шамалдын ылдамдыгы 15–20 метрге чейин күчөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

  • Чүй облусунда: түнкүсүн -2…-7°C, күндүз 10…15°C;
  • Талас облусунда: түнкүсүн -2…-7°C, күндүз 9…14°C;
  • Ош облусунда: түнкүсүн 4…9°C, күндүз 16…21°C;
  • Жалал-Абад облусунда: түнкүсүн 4…9°C, күндүз 16…21°C;
  • Баткен облусунда: түнкүсүн 4…9°C, күндүз 16…21°C;
  • Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн -4…+1°C, күндүз 9…14°C;
  • Нарын облусунда: түнкүсүн -2…-7°C, күндүз 11…16°C;
  • Бишкек шаарында: түнкүсүн -2…-4°C, күндүз 12…14°C. Жаан-чачын күтүлбөйт;
  • Чолпон-Ата шаарында: түнкүсүн -1…+1°C, күндүз 12…14°C. Жаан-чачын күтүлбөйт.
Scroll to Top