АКШнын көк бөрү боюнча курама командасы каза болгон кыргызстандык машыктыруучусунун үй-бүлөсүнөн кабар алдыКанттагы Жаштар аллеясында беш метрлик «Тоос» жана «Комуз» пайда болдуСловениянын RIKO компаниясы Кыргызстандын энергетика тармагына инвестиция салууну караштыруудаКыргызстанда сентябрдан тарта «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулунун өлчөмү көбөйөтСалмак категориялары жана упайлар жок: Көчмөндөрдүн улуу күрөшүндө жеңүүчү кантип аныкталат?Үйдөн бир метр аралыктагы курулуш: шаар тургунунун даттануусуна Ош мэриясы эмне деп жооп берди
Ош облусун убактылуу Байыш Юсупов башкарат
10.08.2020 | 10:17
Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп убактылуу Байыш Юсупов дайындалды. Тиешелүү чечимге премьер-министр Кубатбек Боронов кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Эске сала кетсек, буга чейин Ош облусунун жетекчиси Узарбек Жылкыбаев шайлоого аттанып жаткандыктан иштен арыз жазып кеткен.
Узарбек Жылкыбаев Ош облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын 2018-жылдын июль айынан бери аркалап келген.
Ал эми Байыш Юсупов облус жетекчисинин биринчи орун басары болчу.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар