Кабмин 1 млрд сомго жакын каражатты күйүүчү майдын баасын кармоого жумшады

21.08.2026 | 10:54
Кабмин потратил 1 млрд сомов на компенсацию цен нефтетрейдерам на ГСМ — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын Министрлер кабинети өлкөдөгү май куюучу жайларда күйүүчү майдын тартыштыгы азырынча байкалбай турганын билдирди. Бул жаңы партияларда мунайзаттарды сатып алуу баасынын өсүшүнө карабастан, рыноктогу кырдаал көзөмөлдө экенин билдирет. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы маалымдады.

Министрлер кабинетинде сатып алуу бааларынын өсүшү рынокко кошумча жүк жаратып жатканын моюнга алышты. Ошол эле учурда мунайзат сатуучулар менен түзүлгөн келишимдердин алкагында АИ-92 бензинине, дизель майына жана автоунаа газына баалар белгиленген. Күйүүчү майдын иш жүзүндөгү наркы менен белгиленген чекене баанын ортосундагы айырманы мамлекеттик бюджет компенсациялайт. Бул максатка буга чейин 1 млрд сомго жакын каражат бөлүнгөн.

Өкмөт сатып алуу баалары өзгөргөн учурда кырдаалга ыкчам баа берилип, колдоо чаралары кайра каралышы мүмкүн экенин билдирди. Министрлер кабинетинин негизги максаты — рынокту жетиштүү көлөмдөгү күйүүчү май менен камсыз кылуу, жеткирүүдө үзгүлтүккө жол бербөө жана калк үчүн жеткиликтүү бааларды сактоо. Ведомстводо ата мекендик мунайзат сатуучуларга буга чейин да колдоо көрсөтүлүп келгенин жана мындан ары да көрсөтүлөрүн белгилешти.

Буга чейин күйүүчү майдын мамлекет үчүн иш жүзүндөгү баасы тууралуу да маалымат берилген. Мисалы, АИ-92 бензининин реалдуу баасы литрине 111–118 сом болсо, айдоочулар май куюучу жайларда 87,9 сомдон төлөшөт. Айырмасы 23,1–30,1 сомду түзүп, аны бюджет компенсациялайт. Дизель майы боюнча айырма литрине 25,1–37,1 сом, автоунаа газы боюнча 2,2–5,2 сомду түзөт.

Эгер унаа күнүнө 10 литр бензин сарптаса, мамлекет анын ээси үчүн орточо 266 сомду күн сайын, же айына болжол менен 7 980 сомду компенсациялайт.

2026-жылдын 17-августуна карата Бишкекте АИ-92 бензининин баасы литрине 87,9 сомду түзгөн. Бул Казакстандагы 47,4 сомдук баадан жогору, бирок Арменияга (129,6 сом), Тажикстанга (127,5 сом), Өзбекстанга (99,9 сом), Россияга (72,1 сом) жана Беларуска (76,4 сом) салыштырмалуу төмөн.

Кытай, Түркия, Индия, Пакистан, Монголия жана Ооганстан сыяктуу бир катар өлкөлөр менен салыштырганда да Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы салыштырмалуу жеткиликтүү бойдон калууда. Арзандыгы боюнча Кыргызстан негизинен Азербайжандан гана артта калат.

Теги: ГСМ
Scroll to Top