«Манас» аэропортунда 31-август жана 1-сентябрдагы каттамдарга айрым чектөөлөр киргизилет

21.08.2026 | 12:41
«Манас» аэропортунда 31-август жана 1-сентябрдагы каттамдарга айрым чектөөлөр киргизилет — Новости Кыргызстана

31-августта жана 1-сентябрда «Манас» эл аралык аэропортунда күндүзгү убакытта жүргүнчүлөрдү ташыган каттамдарга чектөөлөр киргизилет. Мындай чектөөлөр Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келе турган мамлекет башчыларынын жана расмий делегациялардын учактарын кабыл алуу жана тейлөө иштерине байланыштуу. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААК маалымдады.

Чектөөлөрдүн графиги:

  • 31-август: саат 09:00дөн 20:00гө чейин;
  • 1-сентябрь: саат 10:00дөн 22:00гө чейин.

Аталган убакыт аралыгында каттамдарды кабыл алуу жана жөнөтүү чектелгендиктен, авиаташуучуларга учуу графигин өзгөртүү же айрым рейстерди токтотуу сунушталды.

Аэропорттун иши толук токтотулбайт. Түнкү убакта, тактап айтканда, белгиленген чектөөлөрдөн тышкары мезгилде жүргүнчүлөрдү ташуучу рейстер тейленет. Жүргүнчүлөр каттамдардын абалы тууралуу маалыматты авиакомпаниялардан алдын ала такташы зарыл.

Scroll to Top