Ош шаары Швейцария жана Жапония менен кызматташууну өнүктүрүүдө

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Кыргызстандагы Швейцариянын элчиси Сироко Мессерлини жана Жапониянын элчиси Рюти Хирано менен жолугушту. Жолугушууда Ош шаары менен аталган өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Мэр Акаев Ош эл аралык өнөктөштүккө ачык экенин белгилеп, инфраструктураны өнүктүрүү, инвестиция тартуу, муниципалдык кызматтарды жакшыртуу, санариптештирүү жана жаштар саясаты боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирген.
Ошондой эле элчилерге билим берүү, саламаттык сактоо, жол-транспорт жана жашыл аймактарды көбөйтүү багытында аткарылып жаткан иштер жана алдыдагы долбоорлор тууралуу маалымат берилген.
Элчилер өз кезегинде жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жаштарды колдоо жана шаардык башкарууну жакшыртуу боюнча кызматташтыкты улантууга даяр экендиктерин белгилешкен.